"Информатика деген эмне" - бул термин эмнени түшүндүрөт, анын кандай өзгөчөлүктөрү бар, ушул сыяктуу суроолор көп, анда бул маселе боюнча билип алалы. Азыркы учурда адамдар өз ишмердигинде улам ири көлөмдөгү маалыматты колдонууда. Аларга маалымат менен иштөөдө аны сактоонун, таратуунун, издөөнүн, кайра иштетүүнүн ыңгайлуу жана пайдалуу формаларына байланышкан көп сандаган суроолорду чечүүгө туура келет. Андан тышкары, маалыматтын структурасын аныктоого байланышкан маселелер дагы келип чыгат.

Ошондой эле маалыматтын жалпы касиеттерин изилдеп үйрөнүү зарыл. Ушулардын бардыгын информатика деп аталган жаңы илим изилдейт. Информатика маалыматтын структурасын жана жалпы касиеттерин, ошондой эле маалыматты издөөгө, иштетүүгө, берүүгө жана адам ишмердигинин ар түрдүү чөйрөлөрүндө колдонууга байланышкан маселелерди окуп-үйрөтөт. Информатиканын жалпы изилдөө предмети маалымат аркылуу бириккен көптөгөн дисциплиналардын жыйындысы. Аларга маалымат теориясы, кибернетика, программалоо, математикалык лингвистика, алгоритмдер теориясы, социалдык информатика ж. б. кирет.