
Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, түрк тилдери курамына, анын ичинде кыргыз-кыпчак же тоо-алтай тобуна кирет.
«Адабият» түшүнүгү араб тилинен кирген «адеп» («адаб») сөзү менен байланыштуу. Ал адамдарды жакшы мүнөз, жүрүмтурумга багыттоочу, турмуш сырларын түшүндүрүү максатында жаралган чыгарма деген маанини берет. Бул сөз айрым тилдердегидей (мисалы, литература — literatura (тамга) деген латын сөзүнөн келип чыккан) түздөн-түз «тамга», «жазуу» түшүнүктөрүнө байланышпагандыктан, азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, татар, түркмөндөрдө элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн да көп учурларда эл адабияты, калк адабияты, оозеки адабият деп аташат. Ошентсе да, «адабият» бүгүнкү күндө, негизинен, жазма адабий чыгармачылык түшүнүгүн берүүчү термин катары колдонулат.
- Учитель: Мээрим Куручбек кызы